УКМК президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Анаркуловду кармады

УКМК президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Анаркуловду кармады

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ири суммадагы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“А.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган” – деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Факт Жазык кодексинин 326 – беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Шектүү 30-январда кармалып, атайын кызматка алып келинди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>