Site icon Reporter.kg

УКМК: Райым Матраимовдун эң жакын чөйрөсүнө 40ка жакын адам кирди. Алар коррупциялык схемага аралашкан

Бажы органдарындагы коррупция фактыларына катыштыгы бар адамдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, тергөө органдары тарабынан Райымбек Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды.

«Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Exit mobile version