Site icon Reporter.kg

УКМК Red Center’ге бомба коюлду деп кабарлаган телефон террористи тапты

31-январда Red Center соода борборунун кызматкерлеринин биринин абоненттик номуруна бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган билдирүү түшкөн.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында анонимдүү билдирүүнү жөнөткөн жаран З.Д.К. болуп чыкты.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинин (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Келтирилген зыян да эсептелинет.

Учурда түзөтүү колонияларында тыюу салынган буюмдарды табуу боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда.

Exit mobile version