Site icon Reporter.kg

УКМК: Саламаттык сактоо министрлиги пандемияда жабдыктарды эки эсе кымбат алган

Саламаттык сактоо министрлигинде коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын май айларында Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн.

Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтердин баасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң доллардан 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң доллардан ашпаган суммада болгону кабарланат.

Ушундай эле көрүнүш медициналык мекемелерге жасалма дем алдыруучу аппараттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы байкалган.

Аталган факты 319-берене (Коррупция) менен катталып, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулганы айтылган.

 

Exit mobile version