Токмок шаарынын салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалган.
Атайын кызматтан маалыматы боюнча, аталган салык кызматкерлери Х.А.Х. аттуу жеке ишкер менен сүйлөшүп алып, салыктан качуусу үчүн мамлекеттик органдарга тапшырыла турган отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, коштомо кагаздарды жасалмалашкан. Азыркы эсеп боюнча мамлекетке 8,5 млн сом зыян келтирилген. Бирок ал мындан да көп болушу мүмкүн экени болжолдонууда.
Аталган төрт киши 3-мартта кармалып, тергөө абагына камакка алынды.