УКМК Шаикова суракка келбесе ага издөө жарыяларын эскертти

УКМК Шаикова суракка келбесе ага издөө жарыяларын эскертти

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Алина Шаикова суракка келбесе, анда ага 5-августта издөө жарыяланат, деп жазылат УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Атайын кызмат Алина Шаикова да кылмыш иштин бир фигуранты катары санаалып жатканын айтып,  буга чейин ага жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу берилгенин белгилеп өткөн.

Белгилей кетсек, Алина Шаикова апрель айында кызматтан кетерде паспорт тендериндеги чыр боюнча  жаңы жагдайды ачыктаган. Тагыраагы ал 2018-жылы 6-декабрда өзүн жана Дастан Догоевди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, чет элдик компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганын айтып чыккан.

Мындан кийин УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>