УКМК: Соцтармакта чагымчыл билдирүү тараткан аял аныкталды

УКМК: Соцтармакта чагымчыл билдирүү тараткан аял аныкталды

Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан аял аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал ар кандай ушактарга ишенип 25- августтан 13-сентябарь аралыгында  өлкөдө баш аламандык болот деген аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү социалдык тармактарга тарап кеткен.

Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн жасаган иш аракетине өкүнүп туура эмес иш кылганын мойнуна алыды. Ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынан кечирим сураган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>