Site icon Reporter.kg

УКМК сойкулукту жарнамалаган инстаграм баракчаны жапты

Таласта интимдик кызматты жарнамалаган инстаграм аккаунт жабылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, «intim_07_tls» баракчасынын администратору кыз-келиндердин сүрөтүн жарыялап, алардын дареги үчүн 500дөн 2 миң сомго чейин алып турган. Акчаны алгандан кийин убадасын аткарбай, кардарларга даректерди берген эмес.

Коопсуздук комитети Талас облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте баракчаны жүргүзгөн жаранды колго түшүрдү.

«intim_07_tls» аркылуу кардар тапкан үч аял Бишкектен табылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version