Site icon Reporter.kg

УКМК Сокулуктагы балдар лагери мамлекетке кайтарылганын билдирди

Чүйдүн Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, лагер Төш-Булак айылында жайгашкан. Аны 2004-жылы бир адам менчиктештирип алган. Андан кийин лагерь улам сатылып отуруп, ээси бир нече жолу алмашкан.

УКМК билдиргендей, азыркы ээси лагерди 5,2 гектар жери менен мамлекетке өткөрүп берди. Анын баасы 320 млн 651 миң сомду түзөт.

 

Exit mobile version