Чүй областынын Аламүдүн районунда сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 1982-жылы туулган “Н.Т.” аттуу сот аткаруучу кызматтык абалынан пайдаланып жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн жарандан пара талап кылган.
Бул факты Жазык кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен сотко чейинки тергөө иши башталган.
Кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.