Site icon Reporter.kg

УКМК соттуулугу жоюлган адамдын президент болуп шайланышына тыюу салууну сунуштоодо

УКМК президент баштаган бир нече кызматка соттуулугу жоюлган же алынган адамдардын келишине бөгөт коюуну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Атайын кызмат соттуулугу жоюлган же алынган же болбосо реабилитацияга жатпаган негиздер менен козголгон кылмыш иши жабылган адамдардын президент, Жогорку Кеңешетин депутаты болуп шайланышына, өкмөткө же башка мамлекеттик органдарга кызматка келишине, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Улуттук банктын төрагасы, анын орун басары же Улуттук банктын башкармалыгынын мүчө болушуна, Эсептөө палатасынын аудитору кызматын ээлөөгө тыюу салууну сунуштоодо.

Азыркы мыйзам боюнча соттуулугу жоюлбаган же алынбаган адам гана аталган кызматтарга келе албайт.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесине ылайык, адамдын соттуулугу жасаган кылмышынын оордугуна жараша белгилүү бир убакыттан кийин жоюлат. Мисалы, коркунучу азыраак кылмыш жасаган адам жазасын өтөп бүткөндөн кийин соттолгон эмес деп таанылат. Пробациялык көзөмөлгө алынган жаран, анын мөөнөтү аяктагандан кийин соттуулугу жоюлат.

Ошондой эле анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн абакка кесилген киши жазасын өтөп бүткөндөн кийин 3, 7 жана 10 жыл өткөн соң соттуулугу жоюлат. Соттуулукту мөөнөтүнөн мурда алып салуу жарандын кайрылуусунун негизинде сот тарабынан чечилет.

Exit mobile version