Site icon Reporter.kg

УКМК төрагасы: Сох анклавына коридор берилбейт

Бүгүн, 26-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда Сох анклавынан коридор берилбей турганын билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Сох анлавындагы Кайтпаc, Өтүкчү посттору ачылат. Посттон оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. Ал эми 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил машинелер өтө алат. Себеби тараптар макулдашты, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып Риштан, Кайтпас жана Өтүкчү, Тул чек ара бекеттери ачылат. Сохто эч кандай коридор жок.

Эске салсак, 13-март күнү эртең менен Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында мамлекет башчынын пресс-катчысы Галина Байтеректин Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарийи чыккан. Тактап айтканда, ал жерде “кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба байланышын ачууга даяр экендиги белгиленген. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтүшөт. Ал эми өзбек тарап Унгар-Тоо аймагын Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр, ал ошол убакка чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш-тартыш жана саясий тирешүү болуп келген.

Камчыбек Ташиев жетектеген чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация 24-25-мартта Ташкентте болгон. Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүү жүргөн. Делегация чек ара боюнча өкмөт аралык жыйынга да катышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасы. Ташиев Ташкентке учуп кетти

Exit mobile version