Site icon Reporter.kg

УКМК: Ташиевдин уулунун атын жамынып алдамчылык кылган жаран кармалды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары кармалган жигит (Ж.И.Р.) жарандардын кайсы бир маселелерин чечип берүүгө ишендирип, көп акча алып, бирок чоң кызматтагы адамдардын туугандары менен тааныш экенин айтып, убадасын аткарбай жүргөн.

Анын үстүнөн УКМКга бир жаран (Т.Т.М.) арызданып, Ж.И.Р. Ташиевдин уулунун атын жамынып 240 миң доллар алганын билдирген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. УКМК алдамчылыкка шектелген Ж.И.Р. Ташиевдин уулуна эч кандай тааныш-билиштиги жок экенин билдирди.

Шектүү №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштери жүрүүдө.

УКМК чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып иш кылган адамдар тууралуу 0312 62 05 85 номерине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version