Site icon Reporter.kg

УКМК: Тажикистанда кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды

Тажикистандын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул туурлу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын компетенттүү органдарынын жана ошондой эле Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө Каримовду мекенине кайтарып берүү маселеси да козголгон.

Жыйынтыгында ал  Тажикистандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда ал туугандарына берилди.

 

 

Exit mobile version