Site icon Reporter.kg

УКМК террордук уюмдун финансистин кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмдун финансистин колго түшүрдү.

Атайын кызматтан кабарлагандай, 25 жаштагы шектүү террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөн.

Бул фактылар сотко чейинки материалдар кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Exit mobile version