Site icon Reporter.kg

УКМК: Токмокто баасы 130 млн сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды

Чүйдүн Токмок шаарында бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Токмок шаарынын 3-кичирайонунда жайгашкан бала бакча 2004-жылы «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу» тарабынан менчиктештирилип кеткен. Бала бакча аталган бирикменин башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А.нын менчигинде болгон. Текшерүү иштеринин натыйжасында ал бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилгенин мойнуна алып, бала бакчаны мамлекетке кайтарып берген.

Мамлекетке кайтарылган бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү – 1140 чарчы аянты жана ага караштуу 4235 чарчы метр жери (жалпы 5375 чарчы метр) Токмоктун мэриясынын карамагына өтөт. Анын баасы 130 млн сомго жетет.

Exit mobile version