Site icon Reporter.kg

УКМК: Токмокто баасы 5,8 млрд сомдук ишкана мамлекетке кайтарылды

Токмок шаарындагы баасы 5 млрд 855 млн сом болгон «Темирбетон» ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызмат билдиргендей, «Темирбетон» ишканасынын 40% акциясы мамлекетке таандык болгон. Бирок алар акциялардын көпчүлүк бөлүгүнө ээ болгон В.П. аттуу жарандын тааныш-билиштерине мыйзамсыз берилип, жеке менчикке чыгарылып кеткен.

Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдагы токтому менен «Темирбетон» кооперативдик заводу акционердик коом болуп өзгөрүп, анын баасы 38 млн 264 миң рубль деп эсептелген. 1993-жылы чет элдик бир ишкана фондго кайрылып, мамлекеттин үлүшүндөгү баасы 28 млн 698 миң сом болгон 15% акциясын сатып алуу ниетин билдирген. Бирок УКМК чет элдик ишкана мамлекеттик бюджетке акча төккөнү тууралуу документти тапкан эмес.

Аны менен бирге мамлекеттин калган 25% акциясы 1992-жылдан бери Мүлк фонду тарабынан көзөмөлдөнгөн эмес, тактап айтканда мамлекетке дивиденддер түшкөн эмес.

УКМК алар аткарган иштин жыйынтыгы менен көпчулүк акциялардын ээси В.П. ишкананы мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

Exit mobile version