Site icon Reporter.kg

УКМК Транспорт министрлигинин кызматкерин кармады

Транспорт министрлигинин Жер жана суу транспорт департаментинин кызматкери УКМКнын кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Жаңы-Арык» транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору О.Н. жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына айыппул төлөөдөн качууга жардам берип, мыйзам бузган. Ал тууралуу билингенден кийин кылмыш ишин козгобошу үчүн башкы инспектор УКМКнын кызматкерине 200 миң сом сунуштаган.

Натыйжада ал аталган сумманы берип жатканда кармалган. Ага «пара берүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Exit mobile version