Site icon Reporter.kg

УКМК тыюу салынган диний уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Такталгандай, кармалган адам Конституцияга каршы келген маалыматтарды ачык айтып, тыюу салынган уюмдун идеяларын жайылтып жүргөн.

Ага карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу») менен кылмыш иш козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы айтылат.

Exit mobile version