Site icon Reporter.kg

Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү кармалды

«Керемет Банк» ААКсынын жооптуу кызматкерлеринин, Улуттук банктын кызмат адамдарынын жана башка адамдардын ишмердигинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, банк чыгашалуу болгонуна карабай мамлекеттик бюджеттен «Керемет Банк» ААКсына (мурдагы «Росинбанк») 8 млрд сомдон ашык мыйзамсыз инвестиция жасалган. Ошол эле учурда алынбай калган пайда жана мамлекетке келтирилген зыян 4,5 млрд сомдон ашкан.

Бул ишке байланыштуу көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору — Улуттук банктын башкармалыгынын Ж.Т. аттуу мурдагы мүчөсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version