Site icon Reporter.kg

УКМК “Унаа” мекемесиндеги коррупциялык схеманы аныктады

УКМК тарабынан Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги айрым жетекчилер жетектеген комплекстүү коррупциялык схема  токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, жарандар айдоочулук күбөлүктөрдү алуу максатында, тагыраагы теориялык жана практикалык экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн түзүлгөн коррупциялык схеманын айрым субъекттерине кайрылышкан, алар экзамен тапшыруучулар менен аталган мамлекеттик мекеменин кызмат адамдарынын ортосунда ортомчу катары иш алып барып, пара алышкан.

Ал эми тийштүү кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, экзамендерден ийгиликтүү өтүүсүнө жардам беришкен. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир гана филиалынан ай сайын мыйзамсыз түшкөн акчанын суммасы 10 млн сомдун тегерегинде болгон.

Коррупциялык схеманын бардык катышуучулары Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version