Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борборунун директору Самат Азаров кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Азаровдун бөгөт чарасы 25-июлда Октябрь райондук сотунда каралып, ал 4-сентябрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Самат Азаров УКМК тарабынан кармалган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 12-августта УКМК «Симирам» эл алуу борборунун ээси, казакстандык ишкер Ясынжан Таиров издөөгө алынганын кабарлаган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелүүдө.