УКМК жалган маалымат тараткан үч жигитти кармады

УКМК жалган маалымат тараткан үч жигитти кармады

Соцтармактар аркылуу коронавирус жана карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан 3 адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалгандар 34, 32 жана 22 жаштагы адамдар болгон. Алар менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган иштеринин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат тараткандыгы үчүн элден кечирим сурашкан.

Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын баардык жарандарга эскертет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>