Site icon Reporter.kg

УКМК Жамгырчиев Куренов менен жолукканы үчүн жоопко тартыларын билдирди

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев суракка чакырылганын кабарлады.

Атайын кызмат билдиргендей, Жамгырчиевдин суракка чакырылганына издөөдө жүргөн активист Тилекмат Куренов менен Дубайда жолукканы себеп болгон. Учурда алардын жолукканынын чоо-жайы такталууда.

УКМК Жамгырчиев жоопко тартыларын билдирди.

Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев жакында эле Тилекмат Куренов менен Дубайда жолукканы белгилүү болду. Бул тууралуу журналист Болот Темиров 19-ноябрда билдирип, ал экөө жолуккандан кийин Жамгырчиев активисттин паспортун уурдап алганын жана Куренов байланышка чыкпай жатканын жазган. Кийинчерээк Куренов Дубайдын полициясында суракта болгонун, алар аны Кыргызстанга өткөрүп бербөөгө убада бергенин билдирген.

Көп өтпөй Эмил Жамгырчиев аталган билдирүү боюнча үн катып, Куренов менен жолукканын ырастады. Ал журналист Темировдун «Жамгырчиев Куреновдун паспортун уурдаган» деген сөздөрүн төгүндөп, аталган билдирүү Болот Темиров менен Тилекмат Куреновдун упай топтоо үчүн атайын даярдаган планы деп атады.

Активист Тилекмат Куреновго 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

Быйыл жыл башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «KG групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов менен Тилекмат Куренов төнкөрүш жасоого даярданган деп айыптап, алар издөөгө алынганын айткан. Апрелде Ташов кармалган.

«Куренов менен жолуктум». Иши сотто каралып жаткан Жамгырчиев чет өлкөгө кантип чыккан?

Exit mobile version