Site icon Reporter.kg

УКМК жашыруун террордук топтун 30 мүчөсү кармалганын билдирди (видео)

Кыргызстанда жашыруун террордук топтун 30 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМкдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган уюмдун мүчөлөрү жашыруун жыйындарды өткөрүп, радикалдык идеологияны үгүттөп, террордук ишти каржылоо үчүн акча чогултуп турушкан. Алардын иши чет жактагы эл аралык террордук уюм тарабынан координация болуп турган.

«Аталган радикалдык топтун негизги максаты Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы «жихад» жасоо, ошондой эле аткаминерлерге, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата террордук актыларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК террордук жана экстремисттик ишке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, коомчулукту сак болууга, радикалдуу жана экстремисттик идеологиядан алыс болууга чакырат.

Exit mobile version