Site icon Reporter.kg

УКМКдагы жыйындан кийин менчик лабораторияларда баалар арзандады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандагы лабораториялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Ага катышкан  «Интелмед» (Бонецкийдин лабораториясы), «Аквалаб», «Евролаб», «Гемотест», «Экспресс-Плюс», «Медикана», «Лазмед клиникасы», «Гуман», «Интер-Лаб» (Инвитро), «Интермедикал» жана «Фарватер»  компаниялары   лабораториялык изилдөөлөрдүн  баасын  30 пайызга чейин төмөндөтүүнү убадалашты.

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр «Юни-Хелп»,»Лаб-Сервис», «Кокомерен», «Юрфа», «Эль-Фарм», «Медикс-Элес», “Медцентр.кж”  “Би-Хелс-Фарм», «Эрай-Фарм», «Фарватер», «Мээр-Чоп», «Мирамед жана Ко», «БиЛайв», «Медитэк», «Меди-Прогресс» жана «Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15% га чейин арзандатат.

«Юрфа» лабораториясы «Текшерүү томографиясынан» өтүү кызматын 20% га түшүрөт.

Мамлекеттик медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу менен барган бейтаптарга «Бонецкий” лабораториясында 50 пайыз арзандык болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version