УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ок атуу боюнча 3-орунду ээледи. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-февралдан 29-февралга чейин Казакстандын Шымкент шаарында ок атуу боюнча «Алтын Мерген» эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү.
Бул мелдешке алты өлкөдөн: Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 230 аткыч катышты.
“Алтын мерген” атуу мелдештин жыйынтыгында 3-орунга УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээ болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз