Site icon Reporter.kg

УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Кимдер тапшыра алат?

А.К.Бакаев атындагы УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кабыл алуу 27-февралга дейре ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болушу керек.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

* орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);

* өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбошу зарыл;

* өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарына катышат:

— дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүү;

— дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

— психофизиологиялык  күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);

— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

— кирүү экзамендерин тапшыруу.

Кайрыла турган, аңгемлешүү өтө турган даректер:

Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Exit mobile version