УКМКнын ардагери генерал-полковник Верчагин көз жумду

УКМКнын ардагери генерал-полковник Верчагин көз жумду

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин мурунку биринчи орун басары, генерал-полковник Валерий Верчагин көз жумду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, генерал-полковник Валерий Иванович Верчагин бүгүн, 11-январда Орусиянын Москва шаарында 74 жаш курагында каза болгон.

Улуттук коопсуздук түзүмүндө В.И.Верчагин 1972-жылдан 2000-жылга чейин Кыргыз ССРинин КГБсынын опер кызматкери кызматынан баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин биринчи орун басарынын рангына чейин иштеген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>