УКМКнын “Асман көзөмөлү — 2025” антитеррордук машыгуусу өтүп, аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген.
Аскерлер FPV дрон, квадрокоптер, жердеги роботторду колдонууну үйрөнүп, жардыргыч заттарды талаа шартында пайдаланууга машыкты.
Машыгуунун соңунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «А» атайын багыттагы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп, учурда мамлекет тарабынан материалдык-техникалык база менен жабдуу боюнча баардык шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, террористтик-экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдү жок кылуу боюнча коюлган аскердик милдеттерди аткаруу үчүн ар дайым даяр болууга чакырды.