Site icon Reporter.kg

УКМКнын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февралында чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруучусу тергөө менен жеке маселесин чечүү үчүн УКМКнын С.М. аттуу кызматкерине 200 миң доллар акча бергени аныкталган. Бирок кызматкер акча алгандан кийин мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасын минималдаштыруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара алган эмес. Ал эми арыз ээси С.М.дан мурда берилген акча каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок, ал алынган каражаттарды кайтарып берген эмес.

Аталган факты боюнча 12-июнда Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Мындан улам аталган кызматкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атайын кызмат ал улуттук коопсуздук органынан бошотулганын билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version