УКМКнын кызматкеримин деп элден акча алып жүргөн адам кармалды — сүрөт

УКМКнын кызматкеримин деп элден акча алып жүргөн адам кармалды — сүрөт

УКМКнын кызматкеримин деп алдамчылык кылып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, ири компанияларга жумушка орноштурам деп адамдарды алдап акчаларын алып жүргөн киши кармалган.  Анын өздүгүн тактаганда Ысык-Көл облусунун 27 жаштагы К.у.А. аттуу тургуну экени белгилүү болгон.

Анын автоунаасын тинткенде УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү, Жогорку Кеңештин кызматкеринин күбөлүктөрү, Ак Үйгө кирүүчү документ, дипломатиялык каттоодогу эки жасалма унаа номери  ж.б. бир нече документтер табылган.

Тергөө ишинин жүрүшүндө ал жабырлануучулардын көпчүлүгүнө келтирилген зыянды төлөп берген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда, УКМК аталган адамдан жабыр тарткандар болсо төмонкү номерлерге кайрылуусу керектигин эскертет.

УКМКнын нөөмөт кызматы: 0312 660475

УКМКнын Ысык-Көл областтык башкармалыгы: 03922 51180

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>