УКМКнын төрагасы оставкага кете турганын айтты

УКМКнын төрагасы оставкага кете турганын айтты

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүп жатат. Аталган жыйында кечээ, Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө болгон башаламандык боюнча талкуу болуп жатат.

Анда депутат Мирлан Жээнчороев күч органдарынын жетекчилери бүгүндөн калбай отставкага кетиши керектигин айтты.

«УКМК саясатчылардын аркасынан кууп жүрүп, өзүнүн кызматын, абалын унутуп калып жатат», — деди Жээнчороев.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбеков отставкага кетүүнү чечкенин айтты. Ал президенттин чечимин күтүп жатканын билдирди.

Президенттин чечимин күтпөй кызматтан кетиши керектигин Мирлан Жээнчороев кошумчалады.

Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>