Site icon Reporter.kg

УКМКнын төрагасы Ташиев депутат Жумалиевдин жактоочусуна жооп кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Камчыбек Ташиев депутат Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бакыт Жумашевдин билдирүүсүнө жооп берди.

Билдирүү Ташиев “Фейсбуктагы”  баракчасына жарыялады.

“Жолдош Жумашев, мен депутат Жумалиевдин мүлкү жөнүндө туура эмес маалыматтарды айттым деп айтат. Анда угуңуз: мен чындыкты айтып жаткам, мен дагы бир нерсени айтып коёюн, ал  бир участокту 17 миң сомго сатып алып, аны учурдагы курс боюнча 185 миллион сомго саткан жана эч кандай салык төлөбөгөн, бул жөнүндө эмне айта аласыз?

Мына, юрист мырза, коррупционер деген коррупционер, эми уурдалган нерсенин баарын мамлекетке кайтарып берет. Биз аны мыйзам менен мажбурлайбыз!”, – деп жазган Ташиев.

Кубанычбек Жумалиев 4-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган. Ал коррупцияга айыпталууда.

Exit mobile version