Украинанын Киев шаарында Орусиянын аскердик унаасы жолдо келе жаткан жеңил машинаны тебелеп кетти. Бул туурасында “Shot” телеграм каналы аскердик баяндамачы Сергей Андреевге шилтеме кылып жарыялады.
Аскердик баяндамачынын айтымында, орусиялык аскер техникасы согуш талаасынан качып, жолдо келе жатканда рулду башкара албай кокусунан унааны тебелеп кетти.
Видеодо көрүнүп тургандай, аскердик техника атайылап тебелегендей көрүнөт. Унаанын айдоочусун тирүү калганын көрүүгө болот.