Site icon Reporter.kg

Украина: БТРдин жанынан документи табылган түбү кыргызстандык тирүү экен

Украинада тоголонгон БТРдин жанынан түбү кыргызстандыктын документи табылып, бирок, анын өлү-тирүү экени белгисиз болуп жатты эле…  Reporter.kg  26 жаштагы Э. Касымбек уулунун жакындары менен байланышып, ал туурасында кабарды билди.

Анын бир туугандарынын айтымында, Э. Касымбек уулу тирүү. Ал туугандарына байланышка чыккан. Бирок, документтери туурасында эч кандай маалымат берген эмес.

Буга чейин Украинада түбү кыргызстандык башка өлкөнүн жаранынын документтери табылып, социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал маалыматтарга караганда, Э. Касымбек уулу Наро-Фоминск шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Э.Касымбек уулунун үй-бүлөсү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашачу. Бир нече жыл мурун Орусияга көчүп кеткен.

Аскердик бөлүктөн түз эле Украинага жөнөтүлгөн. 22-февралдан бери үй-бүлөсү жана достору менен байланыша элек.

Бир нече күн мурун социалдык тармактарда Э.Касымбек уулунун дарегине жазылган документтердин сүрөттөрү пайда болгон.

Алар украин аскерлери талкалаган орус колоннасынын жанынан табылганы кабарланууда. Бул документтер жол жээгинде оодарылып кеткен БТРдин жанында жаткан. Жабдуулар күйбөгөнүн  Reporter.kg жазган эле…

 

Exit mobile version