Украина Чернобыль. Токойдон чыккан өрт өндүрүштүк аймакка жакындады

Украина Чернобыль. Токойдон чыккан өрт өндүрүштүк аймакка жакындады

Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясына (АЭС) жакын жердеги токойдо чыккан өрт 1986-жылдагы жарылуу маалында кыйроого учураган төртүнчү блоктун аймагына жакындап калды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Украинанын бийлик адамдарына таянып билдирди.

13-апрель күнү кечинде өрт курулушу былтыр аяктаган жаңы коопсуз жабуунун (конфайнмент) өндүрүштүк аянтына жетти. Жалын мурдараак өзөктүк ишкананын батыш тарабынан каптап жатса, эми түштүк тарабында да учкун тутанды.

Жергиликтүү экологдор өрт радиоактивдүү калдыктар сакталган жайдан эки чакырым алыстыкта жайгашкан, 1986-жылкы апааттан кийин ээн калган Припять шаарына жакындап калганын билдиришүүдө.

Аймакта өрт 4-апрелде башталган. Андан бери шаар тибиндеги Полесское кыштагынын бош калган жыгач үйлөрү, эски көрүстөн өрттөнүп кетти. Украинанын укук коргоо органдары аймакка атайылап өрт коюлганын, шектүү адам кармалганын билдиришти.

Ушу тапта жалындын жайылып баратканын NASA – FIRMS сайтынан көрсө болот.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жашырып-жаап, кийин бул каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>