Site icon Reporter.kg

Украинада парламенттик шайлоодо Зеленскийдин партиясы биринчиликке чыкты

21-июлда Украинада парламенттик шайлоо  өткөн. Анын акыркы жыйынтыгын аталган мамлекеттин Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Радага беш партия өттү:

  1. «Эл кызматчысы» – 43,16% — өлкө башчысы Володимир Зеленскийдин партиясы;
  2. » Оппозициялык платформа – жашоо үчүн» – 13,05% — Виктор Медведчуктун партиясы;
  3. «Батькивщина» – 8,18% — Юлия Тимошенконун партиясы;
  4. «Европалык тилектештик» – 8,10% — Петр Порошенконун партиясы;
  5. «Добуш» – 5,82% — «Океан Эльзы» тобунун лидери Святослав Вакарчуктун партиясы.
Exit mobile version