Site icon Reporter.kg

Украинада жоголгон 100дөн ашык орус аскеринин жакындары Путинге кайрылышты

Украинадагы согушта дайынсыз жоголгон жүздөн ашык орусиялык аскердин жакындары аларды таап берүү талабы менен президент Владимир Путинге кайрылышты.

Алар Орусиянын тиешелүү мекемелери согушка кеткен жакындары тууралуу карама-каршы маалыматтарды берип жатышканын белгилешти: бири жакындары түрүү экенин айтса, башкалары алар дайынсыз жоголгонун же каза болуп калышканын билдиришкен.

«Аскерлердин жакындарына фактыларды өз алдынча издеп, уулу же күйөөсү туткунда (өлгөн) экенин далилдөөгө туура келүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында абал ушундай. Ыйгарым укуктуу органдар өз ишин начар аткарып жатышат, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринен эч кандай жардам болгон жок», – деп жазылган кайрылууда.

Аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү президенттин администрациясына тапшырган кайрылууга 106 киши кол койгон. Алар өз жакындарын табууну гана эмес, Орусиянын ар бир аймагында Украинада жоголгон жоокерлерди издөөгө жардам бере турган атайын пункттарды ачууну да талап кылууда.

Орусия Украинага быйыл 24-мартта кол салган. Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн жоготуулары тууралуу эки гана жолу маалымат берген. Расмий маалыматтарга ылайык, марттын аягына карата Украинада 1 351 орус аскери өлгөн.

«Би-Би-Синин» жана «Медиазонанын» журналисттери ачык булактарга таянып, 2022-жылдын 22-июлуна чейин 4 940 орус аскери каза болгонун ырастаган. Украин тарап согуш башталгандан бери 40 миңден ашык орус аскери өлгөнүн билдирүүдө. АКШ чалгынын маалыматына караганда, Украинада 15 миң орус жоокери каза болду.

Exit mobile version