Site icon Reporter.kg

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны кармалды

УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны К.у.А. аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, К.у.А. Кыргызстандын жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан.

2023-жылдын 11-январында Кыргызстандын  жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

УКМК Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version