Site icon Reporter.kg

Украинанын парламенти АКШ менен пайдалуу кендер боюнча келишимди ратификациялады

Кечээ, 8-майда Украинанын парламенти (Жогорку рада) АКШ менен пайдалуу кендер жана биргелешкен инвестициялык фонд түзүү боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу Жогорку раданын депутаты Ярослав Железняк өзүнүн Телеграм каналында маалымдады.

Парламенттин 347 мүчөсүнүн 338и «макул» добушун берип, келишимди колдогон. Ал эми 9 депутат добуш берүүгө катышкан эмес.

«РБК-Україна» агенттиги билдиргендей, негизги Украина–АКШ келишиминен тышкары тараптар кийинчерээк дагы эки техникалык кошумча келишимге кол коюшат, бирок аларды парламент ратификациялоого тийиш эмес.

Белгилей кетсек, 30-апрелде Вашингтон менен Киев Украинанын жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, АКШ Украинада казылып алынган продукцияны сатып алууда артыкчылык укукка ээ болгон.

 

 

 

Exit mobile version