Site icon Reporter.kg

Укук коргоо кызматкерлерине кызматтык үйлөрүн менчиктештирүүгө шарт түзүлдү

default

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мамлекеттик турак жайды менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоор 3-окууда кабыл алынды.

Ага ылайык, укук коргоо органдарында 20 жыл жана андан ашык убакыт иштеген кызматкерлер аларга берилген кызматтык батирлерди мамлекеттен түз сатып алуу аркылуу менчиктештире алышат.

Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Самаков жана Элдар Сулайманов демилгелеген.

Exit mobile version