Site icon Reporter.kg

Укук коргоочу мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Мигранттардын укугун коргоочу Валентина Чупик учурда Орусияда жүргөн бардык эмгек мигранттарын дароо өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Кайрылууну ал өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун белгилеп айтты.

«Биринчиден, алар «өз ыктыяры менен аскер кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болушат. Экинчиден, согушка жараксыздар армиянын муктаждыктары үчүн бекер же жашоого жетишсиз айлыкка иштөөгө мажбур болушу мүмкүн», – деп жазган активист.

Ошондой эле Чупик мигранттар же өлүмгө түртүлөрүн, же кулга айланарын жана эртең кеч болуп калышын эскертти.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик Дума Россиянын Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Алардын арасында «Өз ыктыяры менен колго түшүп берүү» (352.1-берене, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу) жана «Каракчылык» (356.1-берене, 15 жылга чейин) статьялары бар.

Ошондой эле аскердик жыйынга келбегендиги же аскерден качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу камтылган.

Эртеси күнү эле Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат жана аскердик кызматка биринчи кезекте запастагы, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар алынат.

Андан тышкары, Москвадагы “Сахарово” миграциялык борбору Россиянын армиясын мигранттар менен толуктамакчы. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги буга чейин Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышууларга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскерткен.

Эгерде Кыргызстан жарандарына согуштук аракеттерге катышуу боюнча чакыруу түшсө, элчилик аларды дароо Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылууга чакырды.

Буга чейин Орусияда жашаган кыргызстандыктар Орусиянын аскер комиссариаттарына чакыруу кагаздарын ала башташканы маалымдалган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version