Укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн «Фейбугунда» билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, кечээ, 14-апрелде саат 21:00дөр чамасында Рита Карасартованын үйүндө күч органдары тинтүү жүргүзүшкөн. Андан кийин Чүй облустук милиция бөлүмүнө суракка алып кетишкен. Учурда укук коргоочу Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.
Учурда күч органдары бул тууралуу расмий маалымат бере элек.