Site icon Reporter.kg

Улакчынын өлүмү боюнча оюнчу менен калыс кармалды

Ноорузга карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештеги улакчынын өлүмү боюнча бир оюнчу менен калыс кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.

Милиция аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгонун, шектүү катары 29 жаштагы А.Ч. жана оюн учурунда калыстык кылган 42 жаштагы Ш.У. кармалганын билдирди. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө уланып жатат.

Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 12-мартта биринчи лигадагы «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командаларынын оюну учурунда болгон. «Бөрүлүнүн» капитаны Мирлан Сраждинов улакты эңип жатканда аны атаандаш команданын улакчысы ат менен келип сүзгөн. Сраждинов жерге кулап, эсине келбей каза болгон.

Көк бөрү боюнча «Нооруз-2025» мелдеши маркум улакчынын тажыясынан кийин уланат

Exit mobile version