Site icon Reporter.kg

Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат агенттигине жетекчи болду

Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Карыпбеков Улан Кадырсултанович Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган кызматты Элчибек Жантаев жетектеп келген. Ал президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version