Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Өкмөттүн көңүлүн Бангладештеги мекендештердин абалына бурду.
«Бангладеште 80ге жакын жарандарыбыз мекенине кайтып келе албай жатышат. Колунда билеттери бар, бирок, ички, тышкы каттамдар жабык болгондуктан, мекенине келүү мүмкүнчүлүгү жок”,- деген депутат Өкмөттү аларды алып келүү боюнча иш-чараларды уюштурууга чакырды.