Site icon Reporter.kg

Улан Сарбанов жаңы кызматка дайындалды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп Улан Сарбанов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын буга чейин Арзыбек Кожошев жетектеген. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлык кызматына кеткен.

Ал эми Сарбанов  буга чейин Салык консультанттарынын палатасындагы аттестациялык комиссияда жана Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңеште мүчө болгон.

Exit mobile version