Site icon Reporter.kg

Уланбек Ниязбеков ички иштер министри болуп бекитилди  

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче Ички иштер министри болуп Уланбек Ниязбеков бекитилди.   

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, 10-октябрдагы ЖК жыйынында мурдагы министр Кашкар Жунушалиев Садыр Жапаровдун өкмөтү менен иштешпей тургандыгын билдирип арыз жазганы айтылган.

Кийин анын ордуна убактылуу министрдин милдетин аткаруучу болуп, Уланбек Ниязбеков дайындалганы айтылган.

 

Exit mobile version