Улугбек Ормонов: Манасчыларды майрамдарда гана эстебей, аларга жетишүү көңүл буруу керек

Улугбек Ормонов: Манасчыларды майрамдарда гана эстебей, аларга жетишүү көңүл буруу керек

Биз дүйнөлүк баалуулуктарды алып жүргөн манасчыларыбызга кам көрө албайбыз, аларды майрам күндөрү гана эстейбиз. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Кыргыз эли «Манасы» жана Айтматову менен чындап сыймыктанат. Ал эми ошондой дүйнөлүк баалуулуктарды алып жүргөн манасчыларыбызга кам көрө албайбыз, аларды майрам күндөрү гана эстейбиз. Анчалык деле көп манасчыбыз жок, алардын ар бирин ардактап күтүүгө тийишпиз. Азыркы учурда эки гана манасчы маяна алат экен. Карагылачы, коӊшу Кытайда манасчыларга кандай кам көрүлүп жатканын. Оозго алынган манасчылардын баары атайын эмгек акы алышат экен.

Президентибизге ыракмат, «Манас» жана Айтматов академиясын ачып берди. Анда кимдер иштеши керек? Албетте, алардын арасында манасчылар да болушу керек. Ошондуктан, Жогорку Кеӊештин тармактык комитети бул маселени карап чыгып, академиянын штаттык бирдигин тактап чыгуу менен, манасчыларды анын карамагына алып, аларга эмгек акы төлөп берүү маселесин тезинен чечип бериши зарыл. Ансыз «Манас» эпосун эстутумда алып жүргөн маначылар мектебин өнүктүрө албайбыз», — деди депутат.

Аталган жыйында эл өкүлдөрү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго маселелерди чечүүнү тиешелүү тараптарга жеткирүүнү айтышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>